КҮНСЕРЕП: ТЭЦтин 600 долларлык кычкачын музейдин 600 долларлык жыгачы басып өттү

Бүгүн, 25-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде жыйын өткөрдү. Себеп - музейди жаӊылоодогу күмөндүү жагдайларды талкуулоо. Бишкек ЖЭБин жаӊылоодогу кычкач, видеокамералардын баасы унутула электе, эми Тарых музейинен 600 доллар, 14 миӊ евро деген шектүү баалар калкып чыкты.

Мамлекеттик тарых музейин жаӊылоо 2016-жылы март айында старт алган. Ага мамлекеттик казынадан 1 миллиард 569 миллион 400 миӊ сом бөлүндү, АКШ валютасы боюнча 22 миллион доллардын тегереги болот. Эӊ башкысы - музейди жаӊылоо боюнча тендер өткөрүлбөй, сметалык долбоору жок, баалар аныкталбай туруп курулуш башталып кеткени. 2014-жылы Бишкек ЖЭБин жаӊылоо иши техника-экономикалык негиздемеси жок, дүӊүнөн 386 миллион долларга бааланып башталып кеткен сыӊары.

Алгач музейди Түркия кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (ТИКА) 15 миллион долларга гранттык негизде жаӊылап берерин айтып ишке киришкен. Бирок музейдин сырты 4 миллион долларга жаӊыланган соӊ ТИКА менен келишим үзүлгөн, себебин бүгүн Архитектура жана курулуш агенттигинин өкүлү Урматбек Кокочаров "ТИКА иштин долбоорун көрсөтө алган эмес" деп түшүндүрдү. Бирок кийинки иш аткаруучу деле ишти сметалык долбоору жок баштаганын кайра эле өзү моюнга алды. "Жеӊүүчү компания сунуштаган баасына карап эмес, иш тажрыйбасына, жасап жүргөн жумуштарына карап тандалды" деди чиновник. Ошентип, Түркиялык гранттан баш тарткан өкмөт музейдин ичин жаӊылоо, экспонаттарды жана эмеректерди сатып алууну бюджеттин эсебинен бүтүрүүнү чечкен. Өкмөттүн токтомуна ылайык, квалификациялык сынак (тендер эмес) жарыяланып иш аткаруучу катары СМУ-3 компаниясы тандалат.

Бул компания элге чырлуу иштери менен белгилүү. 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Чолпон-Атада ипподром куруп, 1 жыл өтүп кайра оӊдоп-түзөөгө акча суралганы белгилүү. 2015-жылы Ала-Тоо конушуна мектеп куруп, 3 жыл өтпөй полу талкаланып кеткен. Быйыл мартта Ленин райондук администрациясы СМУ-3 компаниясы бузулган полду оӊдоп бермей болду деп билдирген.

Музейди жаӊылоо окуясына кайтсак. 2017-жылы июнда музейди жаӊылоого 700 миллион сом, августта 869 миллион 400 миӊ сом бөлүнгөн. Түркиялык грантты эске алганда жалпы 26 миллион доллардын тегерегинде каражат кеткен. Бул акчага заманбап 13 мектеп курууга мүмкүн эле. "Бул ири долбоордо эмне үчүн тендер өткөрүлгөн эмес?" деген суроого чиновниктер өкмөттүн токтомун шылтоо кылып жатышат. Тарых музейин жаӊылоо боюнча өкмөттүн токтомдоруна мурдагы 3 премьер: Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков кол коюшканын айтышты. Музейди жаӊылоо ишиндеги бааларга көз жүгүртсөк. Жарыяланып кеткен документке таянсак, "Барсбек" деп аталган инсталляция (атайын аянтчага тикесинен коюлуп, сырдалган 58 даана жумуру жыгач) 34 миӊ доллар деп жазылган. Тагыраагы, бир даана жыгач 600 долларга бааланган. Ал эми 2 аттын жасалма тулкусу 14 миӊ евродон 28 миӊ евро деп көрсөтүлгөн. 1 отургуч үчүн 1,5 миӊ доллардын тегерегиндеги баа көрсөтүлгөн. Ал эми дизайн-консультациялык кызмат үчүн 394 миӊ евро жумшалган. СМУ-3 компаниясы бул эмеректерди жана экспонаттарды Германиялык компанияга буюртма берип алдырткан. Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков Тарых музейине барып, курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып кайткан. Сөз болуп жаткан 600 долларлык жыгачтар, 14 миӊ евролук "аттар" ошондо эле турган.

Депутаттар бул баалар жасалма түрдө эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн айтып, УКМКга жана Финполго музейди жаӊылоо ишин текшерип чыгууга тапшырма беришти. Баалар чын эле шек жаратат, Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылоо чуусуна тете дагы бир жаӊжал тутанды көрүнөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан