"Тазалык" ишканасынын жумушчулары "Ала-Тоо" аянтына гүлдөрдү жаңыча ыкма менен отургузду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, гүлдөр Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде сүрөт галереясынын алдына отургузулган. Гүлдөр көпөлөктү жана түрдүү фигураларды элестеткен ыкма менен отургузулганы айтылат маалыматта. Ал эми аталган аянтты кооздоо үчүн сальвия, тагетис, агератум, алиссум, колеус жана седум деген гүлдөрдүн түрлөрү пайдаланылган.
Белгилей кетсек, буга чейин "Тазалык" ишканасы тарабынан "Ала-Тоо" аянтына саатты элестеткен түзүлүштө гүлдөр отургузулган.