Депутат Эмил Токтошев: "Бажы тармагындагы жылыш Кулматовдун иши эмес"

Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыккан. SUPER.KG порталынын "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жооп берди.

Токтошевдин пикиринде, Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетиши туура эле чечим болду. "Кубанычбек Кулматовдун кызматтан алынышы туура эмес болду" деген пикирге макул эмесмин. Эгерде коррупциялык иштерге аралашкан болсо, ал мыйзам алдында жооп бериш керек. Бул адам күмөндүү деп мыйзам алдында жоопко тартылып жатат, укук коргоо органдары өз баасын берет. Биз билбей туруп аны күнөөлөөдөн алыс болушубуз керек, күнөөлүү болсо, анда жооп берет.

Бажы тармагында 4-5 айдын ичиндеги жетишкендикке жеткени ал башка маселе. Ооба, 1 айдын ичинде мурдагы пландан эки эсе көп каражат түшүп калган. Кийинки келген төраганын айтымында, Казакстанда тарифти көбөйтүп койгондо ишкерлер Казакстандан эмес, Кыргыз мамлекетинен өтүп калган, ошол бир ай аралыгында ошондой жогорку көрсөткүч болгон, андан кийин кайра мурунку калыбына түшүп калган. Бажы тармагындагы жогорку көрсөткүч ал Кубанычбек Кулматовдун кылган иши эмес", - деди Токтошев.

Депутат Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Марат Казакбаев, саясий серепчи Игорь Шестаков жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан