Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыккан. SUPER.KG порталынын "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген соболуна саясат таануучу Марат Казакбаев өз пикирин билдирди.
Саясат таануучунун көз карашында Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетишинде саясий түс жок, мыйзамдуу эле нерсе.
"Кубанычбек Кулматов Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеген, бажыда иштеди, кийин мэр болду, кайра Бажы кызматына барды. Кандай болсо дагы Бажы кызматында мыйзам бузуулар бар. Кулматовдун кызматтан кетишинде саясий куугунтук деле жок деп эсептейм, себеби андай факт жок. Өкмөттүн Кулматовду жумуштан алышында эч кандай мыйзам бузуу жок.
Кулматовго мектеп боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду, тергөө жүрүп жатат, тергөөнүн жыйынтыгын билмейинче күнөөлүү же күнөөсүз деп айтуу туура эмес", - деди Казакпаев.
Депутаттар Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев, саясий серепчи Игорь Шестаков жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.