SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Виртуалдык кызгануу" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Кыздар, жигиттер социалдык тармакта отурганда "эмне тиги кыз сенин сүрөтүңө "лапочка" деп жазды, эмнеге сенин досторуңдун баары балдар? Аларды жок кыл же мени өчүр" дегендерге оюңар кандай? Ал нерсени ойлоп баш оорутмайбы же кызганат, демек, сүйөт деп ойлойсуңарбы?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Бир кезектер эске түшүп кетти... Виртуалдык жашоодо эмне чечилмек эле, өз көзүң менен көрбөй, билбей туруп! Виртуалдык кызгануу мени кызыктырбайт".
- "Мен аябай кызганчаакмын. Досторумду, курбуларымды деле кызгана берем. Виртуалдуу болобу, реалдуу жашоодо болобу, баары бир кызгана берем. Бирок билдирбей кызганып коём. Анан кимди кызганып жатсам "сени тигинден кызганып жатам" деп айтып коём".
- "Жакын адамдарыңды кызганасың да, кантип кызганбайсың? Жигитке келсек, туура мамиле түзөм деген ой болсо, ал кызгандыруу максатында ойноп башка кыздын атын же сүрөтүн коюп алса, албетте, кызганам. Сүйлөшсө, сүйсө бирөөнү гана сүйүш керек да. Анан билдирүү калтыргандарга маани бербейм. Досторун мурун текшерчү элем, азыр болсо текшербейм".
- "Мен билгизбей кызганам..."
- "Кызганыч жакшы көрүүнүн белгиси болсо керек. Адашпасам, "аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт" деп уккам, бирок кызганычтын да чеги бар".
- "Чын эй, телефондун интернети жок жүрсөң, бир эле сүйгөнүңө көңүл бурасың. Интернетте отурсаң башкалар менен уруш-талаш көп болот дегендей..."
- "Кызганайын десем себеп жок. Бир сырдуу, туруктуу адам жалжактап ар кимге сөз айта бербейт... Кез-кезде досум чалып мени издеп калганы болбосо, виртуалдык жашоодо эч ким менен сүйлөшпөйт экенмин..."
- "Виртуалдык жашоодо бир форумчуну аябай кызганам, бирок эч ким билбейт. Бирөөгө жазса да, бирөөнү айтса да, бирөө ага сүйлөсө дагы кызганып кетем..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.