Нарында Акыркы коңгуроо салтанатына карата коомдук тартипти камсыз кылууга 300дөн ашуун кызматкер тартылды

Нарында Акыркы коңгуроого карата коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн 300дөн ашуун кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-майда Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чараны өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында облус боюнча ички иштер органдарынын 300дөн ашуун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул иш-чарага Нарын ОИИБинин башчысы Уланбек Аалиев да катышты.

"Нарын районунун Достук айылынын мектебиндеги Акыркы коңгуроо иш-чарасына катышып, мектеп жамаатына жана бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоосун жолдоп, каалоо-тилектерин билдирди. Аны менен бирге облуста коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер туурасында кыскача маалымат берип, учурдан пайдаланып, жаш өспүрүмдөргө, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине бул күндөрү ар кандай укук бузууларга барууга, спирт ичимдиктерин ичүүгө, авто бейбаштыктарга жол бербөөгө жана балдарды катуу көзөмөлгө алууга чакырды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан