"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Ат-Башыдагы Ак-Сай жайлоосунда 200 кой турган жеринде суукка тоңуп өлдү" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодон күтүүсүз жааган кардын калыңдыгынан жана сууктан койлордун турган жеринен тоңуп калганын көрүүгө болот. Жай мезгилине бир апта калганда өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайы кескин өзгөргөн эле.
Анын ичинде Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө да кар калың жаап, үшүк жүргөн. Буга байланыштуу Ак-Сай жайлоосундагы бир чабандын 200 кою тоңуп өлгөн.