Бишкекте даярдалган 1 тонна 464 килограмм беш бармак "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева билдирди.
"Беш бармактын "Гиннесстин рекорддор китебине" киргени тууралуу расмий маалыматты бүгүн эле алдык, кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Буга чейин Казактар, Өзбектер өздөрүнүн улуттук тамактарын мамлекеттен 40 миңден ашык долларды сарптап киргизишкен. Биздики гана жок болчу, биз да мына мамлекеттик бюджеттен бир тыйын коротпой мекенчил меценаттардын көмөгү менен киргиздик. "Гиннесстин рекорддор китебине" киргени же кирбегенинин жообу кечиккени тууралуу болсо, биз каражат үнөмдөө үчүн алардын өкүлдөрүн чакырып ашыкча коромжу болбогондугубуздан улам болду. Анткени өзүбүз видеого тартып аны англис тилине которуп, өзүбүз катталганбыз", - дейт Кулуева.