Бишкекте Акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү

Бишкек шаарында Акыркы коңгуроо салтанаты эч кандай тартип бузуусуз, тынч өттү. Аталган маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл борбор калаадагы 97 жалпы билим берүү мекемесин 10 миңден ашуун окуучу аяктады. "Шаардык милиция кызматкерлери 25-майда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Ар бир мектепте тартип сакчылары көзөмөл жүргүзүп турушту.

Жалпысынан 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактады. Жыйынтыгында борбор калаада коомдук тартипти бузган өзгөчө учур жана кылмыш катталган жок", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан