Ош шаарында Акыркы коңгуроо салтанатында тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акыркы коңгуроо салтанаты Ош шаарында тынч белгиленди. Милиция кызматкерлери бул күнү күчөтүлгөн тартипте иштешти. Өзгөчө шаардагы Токтогул Сатылганов жана Навои эс алуучу жайлары жана "Сулайман-Тоо" музейинде көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлдү. Ошондой эле ар бир мектепти тартип сакчылар көзөмөлгө алышты.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү балдар көчөгө эс алууга чыкканда күзөт кылышты. Ал эми кечкисин күчөтүлгөн тартипте милиция кызматкерлери кафе, ресторандарды кайтарышты. Мындан улам Ош шаарында салтанаттуу иш-чара тынч жана эч бир укук бузуусуз өткөрүлдү", - деди маалымат катчы.