Тогуз-Тородогу алтын кенде болгон тополоңдон улам кызматтан алынган акимдин ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна аким болуп Айбек Кожошев дайындалды. Аталган буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Айбек Кожошев буга чейин аталган райондун акиминин орун басары болуп иштеп келген.

Эске салсак, буга чейин 11-апрелде Тогуз-Торо районунун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болуп, аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылган. Андан сырткары жаңы курулуп жаткан комбинат өрттөлгөн.

Буга байланыштуу аким Тилек Идирисов ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан