Бишкекте кечээ, 25-майда 3276 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ар кандай түрдөгү жол эрежесин бузуу фактысы боюнча 131 унаа айып короосуна токтотулган. Алардын ичинен 16 унааны бүтүрүүчү класстын окуучусу башкарып бара жатканы аныкталса, алардын ичинен 10 мектеп бүтүрүүчүсүнүн айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан.
Кечээ, Акыркы коңгуроо майрамына карата шаарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өзгөчө тартип бузуу иштери катталган эмес.