Эски унаанын ичинде жалгыз жашаган Алтын Отомбаеванын Кара-Балта шаарында жашаган балдарынын да пикирин SUPER.KG порталы угуп келди.
Баласы Толиктин айтымында, апасы психикалык жактан жабыркайт.
"Бул видео коомчулукка тарагандан бери жумушка чыга албай калдым. Мага телефон чалып коркуткандар болуп жатат. Кечээ бирөө чалып каяктасың, мен азыр барам, энеңди таштаганды көрсөтөйүн деди. Мен ага жолуккан жокмун. Ооба, апам өзүнчө жашайт, үйү өрттөнүп кеткенине 3 ай болду. Буга чейин да ошондой болгон. Бирок оңдоп берсең карабайт, кетип калат. Анан үйгө селсаяктар кирип, жашап алат. Акыркы жолу да ошондой болгон. Апам кааласа машинамды сатып деле үйүн оңдоп берем. Менин же кыздарынын үйүнө жашай бер десек, "Дордой" жактагы күйөөсүнө качып кетет. Бир гана колу-бутунан эле байлап койбосок кармай албай калдык. Арданып өлмөй болдук", - деди ал.
Алтын Отомбаева менен көп жылдан бери кошуна жашаган Мария аттуу аял буларды кошумчалады.
“Алтын эжени мен келин болуп келгенден бери билем. Ал үйүндө 3-4 жылдан бери жашабай калды. Мунун айынан үйүнө селсаяктар кирип жүрүп, өрттөнүп кетти. Бул кишини да туура түшүнгүлө, өзү оорукчан адам. Өзүнчө жашаганды жакшы көрөт. Балдары бар, баары жакшы турушат. Бирден машина тээп жүрүшөт. Уулу менен деле канча жылдан бери коңшу турам, аялы деле жакшы. Болгону Алтын Отомбаева аларды укпайт", - деди кошунасы Мария.
Эске салсак, "Дордой" базары тарапта эски унаанын ичинде жалгыз жашаган Алтын Отомбаева буга чейин өзүнүн тагдыры тууралуу айтып берген эле.