Хакасия Республикасында ашпозчу болуп иштеген Кыргыз жараны террордук уюмга мүчө деп кармалды

Кыргыз жараны Хакасия Республикасында террористтик уюмга мүчө деген шек менен кармалды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жаран араб кафелеринин биринде ашпозчу болуп иштеп келген. Ошол эле учурда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы болгон.
Кыргыз жараны ИГИЛ уюмуна тиешелүү иштер менен алектенип келген. Анын апасы жана эжеси Сириядагы террордук согушка аралашкан. Полиция кызматкерлеринин иликтөөсүндө кармалган жаран согуштук атрибуттар менен сүрөткө түшүп, өзүнүн социалдык тармагына жүктөп жүргөнүн аныкташкан. Учурда шектүү Кыргыз өлкөсүнө депортация болуу алдында турат. Бул жактан шектүүнү тийиштүү органдар өткөрүп ала турганы айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dembele84
2018-05-27 14:25:08
Туугандар кыргыз жарандыгы менен бут дуйного жаман корсотуп бутмой болду!
+25
ma2as
2018-05-27 15:16:48
Dembele84,Туура айтасын . Мендагы Москвада иштейм , коруп угуп калдым . Озбекстан менен Тажигстандын жарандары , Кыргызстандан кыргыз Паспортун сатып алып , Кыргыз гражданы болуп иштеп жургондорду . Биздин паспорт столдогуларга акча берсен болду , терористерге да гражданство берип коет . Мен 5 жылдан бери журом , дагын делле паспорт ала албай журом Россияныкын , канча аракет кылдым.
+16
Nevestkaa
2018-05-27 18:16:51
Dembele84,сизден суранып калайын"тууган"дебеңизчи!?Ким экени көрүнүп эле турбайбы,депорт кылып эмне кылат,өздөрүнүн закону мн жазалай бербейби.
-1
pat12
2018-05-27 14:33:13
Мындай кой терисин жамынган карышкырларды тамыры менен жок кылыш керек. Араб кафелеринде эмне айшпозчу болуп журот, динчил арабтар менен аралашып. Дагы канча кыргыздын мээсин айлантып салышты болду экен ушул арабтар, бейишке чыгасынар деп коюшту, биздин ээрчимелер кетишти да.
0
yrmat88
2018-05-27 14:45:18
Азыр арабтар дин деп коюп эле оздорунун каада - салтын кыргыздардын арасында жайылтып жатышат окшойт. Элдин динчилдигинен пайдаланып сырткы ислам кучтору карапайым адамдарды малга окшотуп каалаган жерине жетелеп кетип жатышат. Анткени диндин табияты ушундай болот экен. Сыртынан кооз создорун уккан сайын жан дуйнон озунон озу ээрчиме болуп калат.
+5
Sagizgan
2018-05-27 15:27:55
Оа мен иштеген жерден бир озбек ака барып бир жарым мин долларга 4кундо паспорт алып Кр жараны болуп келди.Оздору айыптуу сатпаш керек негизи.
+6
Dembele84
2018-05-27 17:20:46
Ушуга окшогон узбек,таджик,кытай ж.б ларга кыргыз паспортун алгысы келсе 5 жыл олкодон чыкпай жашап ПМЖ басып,пошлинасын толотуп,анан паспортко тапшыра турган кылыш керек.Акча десе паспорт эмес башка жагын да сатканга даяр биздин паспорт столдун кызматкерлери!
+10
Zainidin96
2018-05-27 18:02:34
Ммм
-1
Kirajsjk
2018-05-27 18:10:45
Кыргыз деп куйгон еч ким жок,эптеп еле сатып акча жешсе.Акча бир кун бпр ертен жок.Ушу паспорт саткандар жер саткандар жана башкалар жок дегенде бала чаканарды кийинки муунду ойлобойсунарбы.
+3
bekmaral
2018-05-27 20:04:34
Кыргыз мамлекети бул журушто 25 -30 жылда сатылып тонолуп жок болуп кетет.Мамлекетти ойлогон эч ким жок.
+3
Dembele84
2018-05-27 21:30:47
Коррупциянын туп тамыры озу ошол паспорт столдо.Кайсы улуттун адамы келсе,паспорт алыш учун кандай документтер керек,эмне кылыш керек айтып отурбайт,пулун берсе оздору жугуруп баарын оздору даярдап колуна карматат,причём озубуздун жарандардын паспортунан да тез бутурот.Биздикилер иши тушуп барса асманды карайт тим эле,сен ким элен дегенсип!
+2
amirrus
2018-05-27 22:04:54
озбек улутундагы кыргыз жараны деп жаза албайсынбы ХХХХХХХХ
+3
admin_superstan
2018-05-28 09:50:12
amirrus, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
-1
AzKumFerDan
2018-05-28 08:55:09
Сүрөтү жакшылап карасаңар озбек эле бул Кыргызстандын жаран сүрөйү.ушуга окшогондор күйдүргү болду Кыргызстандын бешенесине.
0
admin_superstan
2018-05-30 09:31:23
AzKumFerDan, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан