25-июнь күнү Талас шаарында “Тарыхый-маданий мурастарды сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар менен маданий мекемелердин биргелешкен ишмердүүлүгү” деген аталышта семинар-кеңешме өтөт. Иш-чаранын ачылышы бүгүн, 24-июнда саат 18:00дө А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “Чыңгыз ааламы” аттуу сүрөт көргөзмө менен башталат. Мындан тышкары аталган музыкалык мектептин концерттик залында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган спектаклдер Капар Медетбеков атындагы Талас музыкалык театрынын артисттери тарабынан эл назарына тартууланмакчы.