Бишкектеги спорт мектебинде бир окуучунун үч маал тамактануусуна 213 сом бөлүнөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрү Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайында көчмө жыйын өткөрүшүүдө. Жыйын учурунда депутаттарга аталган окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов баяндама жасап, окуу жай оңдоп-түзөөгө муктаж экенин айтты. Ошондой эле анда окуган балдардын тамак-ашына бөлүнчү сумманы да көтөрүү керектигин белгиледи.

"Окуу корпусу менен жатакананы оңдоого 34 миллион сом керек болууда. Оңдоодон өткөрбөсөк абал өтө начар. Андан сырткары балдардын тамак-ашына берилчү акчанын көлөмүн жогорулатуу керек. Күнүмдүк тамак-ашка 500 сом талап кылынса, биздин балдар болгону 213 сомго үч маал тамактанып жатышат. 5 саат окуп, 5 саат спорт менен машыгышат", - деди Эргешов.

Окуу жайдын жетекчиси мугалимдердин айылыгын көтөрүү зарылдыгын кошумчалады. "Учурда 395 бала тарбияланып жатса, аларга сабак берип, машыктырып жаткан мугалимдердин орточо айлыгы - 5 миң 600 сом. Ошондуктан айлыктарды көтөрүү керек", - деди ал.

Депутат Акылбек Жапаров 2011-жылы оңдоп-түзөө жана балдардын тамак-ашы үчүн деп бюджеттен 1 миллион доллар берилгенин, ал акча кайда жумшалганына кызыкты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов 1 миллион доллар оңдоп-түзөө иштерине жумшалганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
fantomas
2018-05-28 11:56:31
Айлык менен тамакка болунуучу акчаны кобойтууну жактырышканы дурус. Алда качан эле которуш керек болуучу.

Ал эми жатаканага 34 миллион керек дегенин билбейм. Бизде акчанын жарымын жумшап, жарымын жеп коюшчу эле. Балким 17 миллион сом жетип калып журбосун?!!....
0
manaas
2018-05-28 12:39:17
Амеееей 213сом уч маалга азго, менин абетиме эле 500сомдон коп акча кетет.
-6
Azat.97
2018-05-28 12:45:47
manaas,нормально эле
0
kursantvs
2018-05-30 10:48:28
manaas,солдаттарга 3 маал тамагына 70сом болунот, ал эми абактагыларга 120сомдон болунот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан