Ысык-Көлдө май айында жааган кардан келтирилген чыгым 17 миллион сомдон ашты

Ысык-Көл облусунда май айында жааган калың кардын кесепетинен канча чыгым келтирилгени белгилүү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 17 миллион 959 миң сомду түзгөн.

Кырсыктан Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл жана Түп райондорунун тургундары жабыркаган. Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 40 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо жана 2 миң 446 баш кой-эчки өлгөн.

Эске салсак, 24-майда Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан улам койлор суука тоңуп өлгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janjigit
2018-05-28 13:34:53
мал ээлерине эле кыйын болуптур,бугун да пагода кар деп жатат кудай сактасын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан