Учурда 800 миңден ашуун Кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенип жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев айтты.
"Эң көбү Орусияда жүрүшөт, бул өлкөдө 640 миң жараныбыз бар. Экинчи орунда Казакстан, бул жакта 35 миңден ашуун жараныбыз жүрөт. Үчүнчүдө Түркия, бул мамлекет менен визалык режим жок болгонуна байланыштуу көп жарандарыбыз барышат.
Кийинки орундарда Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия. АКШда 15 миңдей мекендешибиз бар, бирок алар көбүнчө эмгек миграциясы менен эмес, билим алуу жана башка максаттарда барышат. Кытайга көбүнчөсү студенттер 1 айга убактылуу жеке иштер менен барышат", - деди Шамшиев.