Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 6 депутаты Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынан тарбияланып чыккан. Алар Максатбек Эгембердиев, Умбеталы Кыдыралиев, Бакыт Жетигенов, Алиярбек Абжалиев, Таалайбек Масабиров жана Тынчтык Конушбаев.
Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөлөрү аталган спорт мектебинде көчмө жыйын өткөрүп, абалы менен таанышып чыгышты.
Окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов көчмө жыйын учурунда окуу жайдын окуу корпусу менен жатаканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 34 миллион сом, тамак-аш менен маяналар үчүн кошумча каражат керектигин айтты.
Депутат Максатбек Эгембердиев кылмыш жасап абакта отургандар менен өлкө ичинде мелдештерге катышкан спортчулардын күнүмдүк тамак-ашынын айырмасы жок экенин сындады.
"Мелдештерге катышкан спортчулар тамак-аш үчүн суткасына 109 сом алат. Алар бул акчага үч маал тамактанышы керек. Кылмыш жасап абакта отурган кылмышкерлерге да ушунча акча сарпталат. Спортчулар - өлкөнүн желегин желбиретчү азаматтар. Ошондуктан эң негизгиси тамак-ашына кеткен акчанын көлөмүн көбөйтүү керек", - деди Эгембердиев.
Депутат Таалайбек Масабиров унаа жол, энергетика жана башка тармактарга миллиарддаган каражаттар сарпталып жатканын эске салып, спортко да көңүл буруу учуру келгенин айтты.
"Бул жерде мен дагы окугам, шарт башкача болчу. Ошондуктан спорт тармагындагы азыркы көйгөйлөрдү жакшы билем. Азыр спорт мектебинин жетекчилиги, бул тармактагы көйгөйлөрдү комплекстүү карап алып келиңиздер. Бюджетке киргизип алышыбыз керек. Биз шарт түзүп бербей жатып спортчудан жыйынтык күтүүгө акыбыз жок. Күнүнө 5 саат машыгып, 5 саат сабак окуган баланын курсагы ток болушу керек. Көрүп жатабыз, айрым ата-энелер унаасын күрөөгө коюп, баласын мелдештерге жиберип жатат. Жакшылап акча бөлүп, эл аралык олимпиадалардан алтын күтүшүбүз керек", - деди Масабиров.
Депутат Сайдулла Нышанов бюджеттен акча бөлүнгөнү менен бул жылы оңдоо иштери толук аткарылып калышы мүмкүн экенин эскертип, кийинки жылга жылдыруу сунушун берди. "Азыр акча бөлүп бергенибиз менен тендер өткөрүүнүн өзүнө 3 ай убакыт керек. Курулуш иштери башталган учурда окуу жылы башталып, иш токтойт. Ошентип акча четинен желип кетиши мүмкүн. Бул жылы мугалимдердин айлыгы менен балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн чоңойтуп берели. Кийинки жылы оңдоо иштерине акча аласыздар", - деди Нышанов.
Мектеп директору депутат Нышановдун айтканы менен макул экендигин айтып, андан кийин эл өкүлдөрүнө мектептин окуу корпусун жана жатаканаларын көрсөтүп чыкты.
Спорт мектебинде жалпы 390дой бала тарбияланса, анын 50гө жакыны кыздар.