Мындай сүрөттү социалдык тармактын Елена Короткова аттуу колдонуучусу тартып алган. Анын билдирүүсүнө караганда сүрөт бүгүн, 28-майда тартылган.
Ал: "Биз Бишкектеги Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги нымдуулукка туруштук бере албаган жер алдынан өткөн өтмөктөбүз. Буга карабастан баарыңарга кутман күн жана ийгиликтүү жуманы каалайм", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Короткованын постуна өз кезинде Бишкек шаардык мэриясынын атынан билдирүү жарыяланды. Анда: "Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер алдынан өткөн өтмөк менен жолдун ортосу аркылуу суу түтүктөрү өтөт. Түтүктөр абдан эски, алмаштыруу зарылчылыгы турат. Өткөн жылы жер алдынан өткөн өтмөктү оңдоп жаткан учурда түтүктөрдү алмаштырууга мумкүн болгон эмес. Анткени ал үчүн жолду бузуу керек. Бул жылы андагы түтүктөрдү алмаштыруу жана келип чыккан бардык көйгөйлөрдү жоюу каралган", - деп жазылган.
Буга чейин да шаардын жашоочулары аталган даректеги жер алдынан өткөн өтмөктөн жаан өтүп жатканын кабарлашкан.
Эске салсак, Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдынан өткөн өтмөк 2017-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 11-сентябрда ачылышы болгон. Анын оңдоо иштерине жалпысынан 27 миллион 800 миң сом сарпталганы маалымдалган.