SUPER.KG'нин журналисти УКМКнын кызматкери менен "баарлашып" чыкты

Бүгүн, 28-майда SUPER.KG маалымат порталынын журналистине белгисиз телефон номери аркылуу жеке номерине телефон чалуу болгонун жазганбыз. Байланышкан адам өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, андан ары ал журналистти УКМКга келип кетүүсү керектигин билдирген эле.

Андан кийин УКМК SUPER.KG маалымат порталынын журналистин "баарлашууга" чакырды. Анын жүрүшүндө сөз Кубанычбек Кулматовдун УКМКга суракка чакырылганда тергөө аяктаганга чейин камакка алынгандыгы тууралуу кабар "баарлашууга" чакырууга себеп болгону билинди. УКМК бул маалыматты төгүнгө чыгарган соң, кабарга толуктоо киргизилген.

"Баарлашуу" учурунда чакыруунун себеби түшүндүрүлдү. Андан соң мындан ары УКМКга тиешелүү маалыматтарды чыгарууда алдын ала бул мекеменин басма сөз кызматынан тактоо керек экени эскертилди. Ошондой эле өлкөдө саясий абал жөнөкөй эмес болуп жатканда кырдаалды курчутпоо маанилүү экени айтылды", - деп билдирди УКМКга чакырылган SUPER.KG маалымат порталынын журналисти.

Эске салсак, SUPER.KG маалымат порталы бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловго ачык кайрылуу жолдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nemo2016
2018-05-28 19:45:11
Кысмайлар башталды дегиле
+2
Dimonbek
2018-05-28 19:49:42
Туура, кээде журналисттер ашырып жиберишет
+11
Jango
2018-05-28 20:25:27
УКМК туура эле кенеш бериптир
+8
surgeon777
2018-05-28 20:26:55
Туура айтышат,алдын-ала такталбаган маалыматты чыгарбай жургуло деген турбайбы.
+11
windom
2018-05-28 21:06:52
Туура кылыптыр. Коп учурда такталбаган маалымат таратып пропагандалап турасынар. Журналистикалык этикасы томон журналистинер аз. Муну моюнунарга алышынар керек.
+6
Rifle_I
2018-05-28 21:19:32
Болгонун болгондой жазылсын. Ооруну жашырып, эми биягы чирип кетти.
Ошону башында эле билгенде балким бир жыйынтык болот эле. Эми кол тийбес АША качат Туркияга.
+5
Dimonbek
2018-05-28 21:43:19
Катачылыкты моюнга алгыла да. Коомчулукка арызданбай.
+6
Stervamyn
2018-05-28 22:41:00
Туура кылыптыр.Антпесе,чектен чыгып кетет журналисттер,эптеп рейтинг которуш учун,кошуп коюшат.Негизи ушул нерсеге да закон чыгарса!Жооп конкретно тартса журналисттерди!!
+9
taku1414
2018-05-29 07:38:25
Укмк Кулматовдун акчасын болушуп койо бермек да. Журналистин камады дегени Укмк кызматкерлерине жакпай калды да.
0
KUMKA
2018-05-29 09:05:23
Журналистер шашып кеткен го..Чынында ар бир маалымат учун жоопкерчилик болуш керек.Журналистер да катанарды моюнга алгыла, паника кыла бербей...
+2
ma2as
2018-05-29 10:23:05
Туура эле . дайыны жок эле элди уркуто бербей , тактыптап жуктосо жакшы .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан