Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Айта кетсек, Момункулов аталган кызматка өткөн жылдын ноябрь айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан