Бүгүн башкы прокурор Жогорку Кеңештин комитетине отчёт берет

Өткүрбек ЖамшитовБүгүн, 29-майда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берет.

Анда баш прокурор 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берет.

Айта кетсек, Жамшитов аталган кызматка 2018-жылдын 26-апрелинде дайындалган. Ага чейин баш прокурор болуп Индира Жолдубаева иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан