Жалал-Абадда 7 жаштагы жеткинчек дарыяга агып кетип каза болду

Кечээ, 28-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына 7 жаштагы жеткинчек агып кетип каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"28-май күнү кечки саат 19:00 чамасында Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясына 2011-жылы туулган Т.У.М. аттуу бала агып кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 19 куткаруучу жана Сузак РИИБинен 25 кызматкер тартылган. Ошол эле күнү саат 20:50 чамасында куткаруучулар баланын жансыз денесин таап, ата-энесине өткөрүп беришкен", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан