4 айдын ичинде Казакстандан Кыргыз жерине 45 миң оор жүк ташуучу унаа кирген болсо, 11 миңи жүгү жок кирген. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында билдирди. Эл өкүлү бул мүмкүн эмес деген пикирде.
"Кантип эле оор жүк ташыган унаалар Казакстандан бизге бош кирип калсын, бул мүмкүн эмес. Бул расмий маалымат. Ошондуктан Чек ара кызматы бул боюнча биздин комитетке жооп берүүсү керек", - деди Нурбаев.
Депутат Нурбаевдин айткандарын башка депутаттар да кубаттап, 4 айда мындай сандагы оор жүк ташыган унаалар бош кирүүсү мүмкүн эместигин айтышты. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимов толук маалымат берүүгө убада берди.