Бишкектин мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскуловага орден берүү сунушу кайчы пикир жаратты

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында Бишкектин социалдык блок боюнча вице-мэри Айгүл Рыскуловага орден берүү сунушталды. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Русланбек Жакышов бул сунушту төрөгадан добушка коюуну суранды.

"4 жыл ичинде шаарда бир нече жакшы долбоорлор ишке ашты, жакшы иш-чаралар өттү. Айгүл Рыскулованын эмгеги менен социалдык блок өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алды", - дешти депутаттар.

Айрым эл өкүлдөрү буга каршы болуп, сыйлыктарды берүү үчүн атайын комиссия иш алып барарын билдиришти. "Орденди отчётту угуудан кийин берген туура. Рыскулова өзү жыйында жок учурда ага орден берүү маселесин талкуулоо туура эмес", - дешти каршы чыккандар.

Айта кетсек, бүгүнкү жыйында Айгүл Рыскулованын башка жумушка кетип жатканына байланыштуу өз каалоосу менен вице-мэрликтен кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
fantomas
2018-05-29 12:27:15
Кайсы жакшы жумушун айтып жатышат?!! Ошол Бишкек шаардын депутаттарынын баарын бирин калтырбай камоого буйрук чыкса кош колдоп колдойм. Булар болсо орденди айтат уялбай!!! Эмнени кыйратып койдунар, айткылачы, Бишкек шаардык мэриясы менен депутаттары?!!

Бишкекке караганда Ош шаары жакшы корунуп калды эле коркуно келип, Мырзакматов мэр болуп турганда. Силер 10-20 жылда ошол кишинин 3 жылда жасаган ишин жасай албадынар дагы, орденден суйлойсунор!!! Турмодон суйлогуло, турмодон
+5
Ulan8383
2018-05-29 13:18:47
fantomas. Созуно кошулам эн туура пикир калтырыпсын. Орденди коюп ,камака ордер алыш керек буларга.
+3
toktor89
2018-05-29 13:31:29
Чукусанар былыгы чыгат.
Чубак ажы айткандай пенде жазган кагазга ант бербей Аллах Тааламдын ыйык Курани Каримди карматтыртып ант бердиртиш керек баардык чиновниктерге!
+2
Asan123
2018-05-29 18:45:11
Элге рахмат ушуга окшогон чондорду ыйлатбай багып келтат КАНЧАКЫГА чейин
+1
jbolotov
2018-05-29 23:35:20
Кайсы бийлик келседа баарына жагынган аял экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан