Нарындан Бишкекке иштегени келген 38 жаштагы Сардалбек Турдалиев дайынсыз болууда

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургуну 38 жаштагы Сардалбек Турдалиевди жакындары издеп жатат. Бул тууралуу анын туугандары SUPER.KG порталына кабарлап, аны табышууга элден жардам сурарын айтышты.

Туугандарынын маалыматына ылайык, Сардалбек Турдалиев Ак-Талаа районундагы үйүнөн мындан 1 апта мурун чыгып кеткен.

"Ал жумуш издеп, акча табуу максатында борбор шаарга кеткен. Бирок шаарды жакшы билбейт. Мындан тышкары талма оорусу бар. 22-майда шаардагы кичи райондордун биринде жүргөн экен, ошол бойдон дайынсыз. Ал жашыл түстөгү камуфляж кийип жүргөн, чачы кыска. Көргөн-билгендер болсо кабарлашып коюңуздар", - деп кайрылды жакындары.

Байланыш үчүн номерлер: 0 (702) 30-20-20, 0 (709) 72-05-28, 0 (705) 73-77-71.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан