ЖЭБ боюнча камакка алынган "Электр станцияларынын" башчысынын ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Аскар Эшимбеков"Электр станциялары" ишканасына Аскар Эшимбеков башкы директор болуп дайындалды. Аталган маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

55 жаштагы Эшимбеков энергосистемде 33 жыл эмгектенген. Ал эмгек жолун Ош жылуулук электр борборунан баштаган. Буга чейин "Түндүк электр" ишканасын жетектеп келген. Жогорку Кеңеште аталган багыттагы эксперт катары да иштеген.

Эске салсак, "Электр станцияларынын" буга чейинки башчысы Узак Кыдырбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан