Депутат Жамангулов "Мегаком" менен "Кыргызтелекомдун" жетекчилеринин айлыгынын көлөмүн атады

Депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Мегаком" жана "Кыргызтелекомдун" жетекчилеринин айлыгы боюнча маселе көтөрдү. Анын билдиришинче, "Мегакомдун" директору 300 миң сом айлык алып жатса, "Кыргызтелекомдун" директорунун айылыгы - 100 миң сом.

"Кыргызтелекомдун" азыркы абалын билесиздер. Бир жума мурун директорунун айлыгы канча экенин сурадым. Оор шартта турган телекомдун директорунун айлыгы 100 миң сом экен. Ушул темпте кетсе, эки жылдан кийин телекомду жабууга туура келет. Бирок жаппай, иштетип кетүү керек. Анткени телекомдун материалдык базасы өтө жакшы. Ал эми "Мегакомдун" директорунун айлыгы 300 миң сом болсо, жалпы кошумчаларды кошкондо колуна 10 миң доллардын тегерегинде каражат алат экен. Ошондуктан эмне себептен мынчалык көлөмдө айлык алып жатышканын жана "Мегакомду" сатуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканын суроо үчүн комитетке келүүсүн сунуштайм", - деди Жамангулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
take19
2018-05-29 13:02:52
Кайран гана элдин акчалары...
+2
toktor89
2018-05-29 13:28:33
А мен 25мин сом деп уй булоомдон алыс россияда жуиом. Озубуздо болгондо ошол 25мин айлык кудай деп иштемекмин
+9
Nurik1988
2018-05-29 14:17:18
toktor89,ошол 25 минди алалбагандар да бар Россияда. Булар не иш кылып 100мин алат болду экен аа
0
Asan123
2018-05-29 18:36:34
Сурап койгула 300 мин алып кыйналбай эле жашап атат бекен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан