Бишкек шаардык кеңештин депутаты: "9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алган мэрден отчёт ала албай жатканыбыз уят"

Бишкектин мэри Албек Ибраимов 2 жылдан бери шаардык кеңештин алдында толук отчёт бербей келет. Мындай пикирин бүгүн, 29-майда шаардык кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтты.

"Албек Ибраимов кызматка келгенден бери жасаган иштеринин отчётун толук берген жок. Бүгүнкү жыйынга да майда маселелерди алып келиптирсиздер, 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алган мэрден отчёт ала албай жатканыбыз уят", - дейт Коргонбай уулу.

Аталган фракциянын лидери Канатбек Мүзүралиев Албек Ибраимовдун отчётун шаардык кеңештин кийинки отурумунун күн тартибине киргизүүнү сунуштады. "Биз фракция жыйынында бул маселени көтөргөнбүз, бирок президиумда сунушубуз колдоо тапкан жок. Бүгүнкү жыйында мэрдин отчётун угууну сунуштайлы дегенбиз, бирок вице-мэр Айгүл Рыскулованын кызматтан кеткенине байланыштуу бул маселени кеңештин кийинки отурумуна киргизүүнү чечтик", - деди Мүзүралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janyjol.86
2018-05-29 14:54:16
жеткен ХХХХХХХХ албай журобересинер
+6
Janna07
2018-05-29 16:24:32
Отчет алалбай атсанар селерге уятта анан эмне карапайым элге уят беле.
+2
ooki8888
2018-05-29 17:06:43
Демек колунардан ХХХХХХХХХ келбейт экенда. Жок дегенде элге билинген кылмыштардын бетин ача албасанар. Ойлонгула эл карап турат.
+1
Asan123
2018-05-29 18:32:12
Дагы ишенгени бар да ошого силерди тоготбой атат Курук ушак соз кылбай эркекче иштегилечи
+1
surgeon777
2018-05-29 18:37:07
Тиги Айгуль Рыскулова бир туруп мигранттар менен,анан жаштар менен иштешип эми вице-мэр болуп жургону кандай?!Кай жер бош болсо отургуза саласынарбы?Ар ким озунун иши менен алектенип,кадровая ротация качан токтойт ыя?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан