"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Виктор Попов 8 жылдан бери бир дагы лифт курган эмес", - деп бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Рысбай Аматов айтты.
"Попов 8 жылдан бери бир дагы жаңы лифт курбаптыр, ал кол алдындагыларды жумушка алып жана жумуштан бошотуудан башка эч кандай иш аткарбаптыр. Эми жумуштан кетем деп коркутуп жатат. Иштей албаган адамды иштен кетирүү керек", - деди Аматов.
Учурда шаардык кеңештин депутаттары "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын 2017-жылы жасаган иши боюнча отчётун угууда.