Эл аралык иштер боюнча комитет интернет үчүн алынып жаткан 50 миллион доллар боюнча макулдашууну кайра иштеп чыгууга жиберди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору каралды. Комитет мүчөлөрүнө макулдашуу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев баяндама жасап, алынып жаткан каражаттын шарттары боюнча түшүндүрүп берди. Анын айтымында, долбоорду каржылоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда. Анын 25 миллиону грант түрүндө болсо, 25 миллиону насыя. Алынган каражат өлкөнү интернет менен камсыз кылууга жумшалат.

Долбоор 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштап, насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Алгачкы 6 жылда насыянын комиссиялык төлөмдөрү гана төлөнүп турат.

Бирок комитет мүчөлөрү алынып жаткан акчанын 20 пайыздан ашыгы эле консультациялык кызматтарга жумшала турганын айтып, кайра иштеп чыгууга жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ask094
2018-05-29 17:56:29
Жакшылап болушуп алгыла макулбу? Аш болсун.... бир кун элдин дубасы урат го силерди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан