Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматына Санжар Исабаевди дайындады. Бул тууралуу аталган аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Өмүр баяны:
Исабаев Санжар Мамадиярович 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.
2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Соттун аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Жогорку Соттун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген.
2015-жылдан 2016-жылга чейин президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.
2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.
Айта кетсек, буга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февралынан 2018-жылдын 15-майына чейин Манасбек Арабаев аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган. Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдөн туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.