SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызча фамилияларды колдонолу" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Урматтуу форумчулар, кыргыздар үчүн адамдын аты-жөнү -ев(-ева), -ов(-ова) деп аяктаган фамилияларга "жок!" деп айтууга мезгил келдиби? Менин оюмча келди. Кээ бирөөлөр үлгү болуп баштап да берген.
Мисалы, Садык Шер-Нияз, Мыктыбек Арстанбек, Нурлан Насип, Гүлзат Мамытбек жана башкалар. Же болбосо нукура кыргызча Акайтегин, Атайтегин, Асантегин, Үсөн уулу(кызы), Акжол уулу(кызы) деген сыяктуу фамилияларды колдонсок жакшы болот беле дейм. Кулакка да жагымдуураак угулат. Силердин оюңар кандай? Кыргызча фамилияларга өтөлүбү?" - деген суроолорду калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Алибекова, жакшы элеби же барып өзгөртөйүнбү? (тамаша). Мага мисалы, өзүмдүн фамилиям жагат, анан башкалар мени анча кызыктырбайт. Ал ар кимдин каалоосу да, биз бирөөнүн жашоосуна аралашуубуз менен анын укугун бузабыз го. Бирок мындай өзгөрүүлөр нормалдуу деп ойлойм. Жылдан-жылга, кылымдан-кылымга болуп келген нерсе, болуп кете берет да..."
- "Нурлан Насип документте Насипбек уулу эле. Азыр атасын теңтуш кылып ошентип жазмай мода окшойт. Мисалга алсак, Кадыр Ырыс деп кыскартып койгондор көбөйдү. Кимиси атасы, кимиси өзү экенин билбейсиң..."
- "Жок дегенде бир адам ушул сунушумду туура көрүп, баласына күбөлүк алып жатканда "-ов/-ев" дегенден баш тартса, мен теманы ачуудагы максатыма жеткен болор элем".
- "Кимиси атасы, кимиси өзү экенин билбегениң кызык экен. Мисалы, Гүлзат атасыбы же Мамытбек атасыбы оңой эле айырмаласа болот го. Же Дональд Трамп, Майк Тайсон, Рожер Федерер дегендерди кимиси аты, кимиси фамилиясы айырмалаш оорбу? "Атасына теңтуш болуп калат" дегендер үчүн "-тегин", "уулу (кызы)" деп өзгөртүүнү сунуштайм".
- "Азыр фамилияң жакпаса же өзгөртөм десең, эч ким сени кой дебейт. Союз доору эмес, мыйзам катуу болгудай. Керек болсо атын деле өзгөртүп алып жатышат, мисалы, Неля деп. Каалоочулар эми деле паспорт аларда өзгөртүп алса боло берет. Анын кыйын жайы жок. Бизди эч ким "-ов, -ова" болосуң деп зордоп жаткан да жери жок".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.