Айыл чарба продукцияларын иштетип чыккан ишкерлердин салыктарын жеңилдетүү сунушталууда

Айыл чарба продукцияларын иштетип чыккан ишкерлердин салыктарын жеңилдетүү сунушталууда. Бул багыттагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында каралып, депутаттарга экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады. Анын айтымында, демилге аймактардагы айыл чарба продукцияларын, өзгөчө сүт өндүрүүчүлөрдүн салыктарын жеңилдетүүгө багытталган. Тактап айтканда, буга чейинки жеңилдетүү 35 пайыз болгон болсо, учурда 80 пайыз жеңилдик берүү керек.

Бирок талкуу учурунда Панкратовго мындай салыктык жеңилдетүүдөн бюджетке канча каражат түшпөй кала турганын, өлкө аймагында канча сүт өндүрүүчү ишкер бар экенин так айта алган жок.

Комитет төрагасы Нурланбек Кадыкеев мындай жеңилдетүүдөн бюджетке бир жылда 10 миллион сомдон ашык акча түшпөй калышы мүмкүн экендигин белгилесе, каржы министри Адылбек Касымалиев түшпөй кала турганын акчанын суммасы андан да көп экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-05-29 16:20:55
Бажы тармакты козомолдогулочу биринчи, Райым миллион алып кеткен акчаны кайрыгыла!
Жеке ишкерлер оздорунун тапканын оздоруно эле койгулачы, алар ар бир тыйындан ойдо курашат!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан