Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында сүт өндүрүүчүлөрдүн салыктарын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Тактап айтканда, буга чейинки жеңилдетүү 35 пайыз болгон болсо, учурда 80 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда. Талкуу учурунда депутат Акылбек Жапаров сүт өндүрүүчүлөр жеңилдик алган соң сүттүн баасын арзан сатуусу керектигин айтты.
"Ортомчулар дыйкандардан 20 сомго чейин сатып алган сүттүн баасына 6-7 сом кошуп, аны сүт өндүрүүчү ишканага сатат. Сүт өндүрүүчү ишкана сүттү өндүргөндөн кийин дүкөнгө коюп, элдин өзүнө жок дегенде 47 сомдон 70 сомго чейин сатып жатат. Салыктан жеңилдик болуп жаткандан кийин бааны төмөндөтүп, белгиленген пайыздан ашпоосу керек да. Эгерде белгиленген 3 же 5 пайыздан ашкан болсо салык төлөшү керек", - деди Жапаров.