Активист Жеңиш Молдокматов: "Күнөөлүүлөрдү жөн эле камап койбой, коррупционер экенин элге ашкерелеш керек"

Акыркы мезгилде бир нече чуулуу кылмыш иштери ачылган. "Бул кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна активист Жеңиш Молдокматов төмөнкүдөй жооп берди.

Ал чуулуу кылмыш иштери аягына чыга турганына ишенерин айтты. "Себеби бул иштерди аягына чыгарууга Сооронбай Жээнбековдун эрки жетет, иштерди аягына чыгара алат. Ошондой эле бул иштер коомго ачык чыгып, эл бул иштер боюнча кабардар болуп калды. Алмазбек Атамбаев башкарган 6 жыл ичинде көптөгөн коррупциялык иштер жашырылып келген экен, эми ошол иштердин баары ачылат. ТВЕА, ЖЭБдеги оңдоп-түзөө, Датка-Кемин долбоору, Тарых музейиндеги, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушундагы мыйзам бузуулар, бул иштердин баары аягына чыкса, чоң акчалардын желип кеткени аныкталат. Эл баарын көрүп турат, баарыбыз көзөмөлдөп турушубуз керек.

Козголгон кылмыш иштери аягына чыгат, күзгө чейин жыйынтык билинип калат. Буларды жөн эле камап койбой алган акчасын казынага кайра төктүрүш керек. "Коррупция" беренеси менен камалган күндө деле булар мунапыска илинип 2-3-жыл отуруп кайра чыгып кетишүүдө. Ошондуктан жегенин кустуруп, коррупционер экенин элге ашкерелеп анан чыгарып коюш керек", - деди Молдокматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Иса Өмүркулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Канат Хасановдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан