Кыргыздын 2 миң сому КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты банкнота деп табылды

АКШнын Даллас шаарында өткөн "Banknote-2018" эл аралык конференциясында 2 миң сом номиналындагы Кыргыз акчасы КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мыкты купюра деп табылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган эл аралык жыйын 21-майдан 24-майга чейин өткөрүлгөн.

"Жылдын мыкты аймактык банкнотасы" наамы дизайн жаатындагы жетишкендиги үчүн 2 миң сом номиналындагы Кыргыз банкнотасына ыйгарылды. Аталган сыйлык банкноталарды чыгаруучу эл аралык ассоциация тарабынан банкноталык өндүрүштө жаңыча ыкмаларды колдонгон тармакка ыйгарылып келет. 2000 сом кагаз акчаны чыгарууда купюраны заманбап коргоочу банкноталык өндүрүштө жаңыча ыкмаларды колдонгон элементтер колдонулган. Тагыраагы, микрооптикалык "MOTION SURFACE" тилке колдонулган", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

Жогорку сыйлык үчүн Орусиянын 200 жана 2000 рубль номиналындагы, Армениянын 500 драм номиналындагы, Польшанын 500 злотый номиналындагы, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноттору ат салышкан.

"Аймактык эң мыкты банкнот сынагы" жыл сайын өтүүчү жогорку коргоо элементине ээ басылмалар боюнча эл аралык конференциянын (High Security Printing) алкагында Польша Республикасынын Варшава шаарында 19-21-февралында өткөн. High Security Printing бул банкнотторду, башка баалуу кагаздарды басып чыгаруу, алардын коргоо элементтери маселелерине арналган ар жылы өтүүчү таасирдүү регионалдык конференция болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2 миң сом 2017-жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө сунушталып, өлкө тарыхындагы бир катар маанилүү окуяларга: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына, ошондой эле улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын алдында күтүлүп жаткан 25 жылдык мааракелерине арналып чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2018-05-29 19:47:44
Оо сонун жанылык. Куттуктайм
+6
RusMos76
2018-05-29 20:53:58
Ураа!
+3
ruslanz
2018-05-29 22:28:13
Болсо банкноттун баары жакшы.
+4
jaskaaa
2018-05-30 08:09:37
Кут болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан