Роза Отунбаева дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

Экс-президент Роза Отунбаева гендердик саясатты алдыга жылдыруу боюнча дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын тизмесине кирди. Бул тууралуу британиялык изилдөө уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Изилдөө уюму гендердик саясат чөйрөсүндөгү башкы эксперттердин пикирине таянып жана эл аралык уюмдардын, академиялык институттардын эксперттеринин корутундусунун негизинде рейтингди түзгөн.

Борбор Азиядан аталган тизмеге жалгыз гана Роза Отунбаева кирген. Бул тизмеде Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрём, Австралиянын мурдагы өкмөт башчысы Жулия Гиллард жана Лондондун мэри Садик Хан өңдүү бир катар инсандардын ысымы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
RusMos76
2018-05-29 20:50:19
Куттуктайм!
+1
Adiletia
2018-05-30 00:57:44
Негизи мунун деле арты таза эмес. Чукулап көрүш керек артын сөзсүз бир нерсе чыгат
-4
Arsenal93.
2018-05-29 21:26:44
Азаматсыз Роза айым.
+2
Zainidin96
2018-05-29 21:31:22
Куттуктайм роза эже
+1
fantomas
2018-05-29 22:27:12
Бекер кеп... Батыш гендердин саясатын жайылта албай, Отунбаеваны кошуп койгон го, якобы президент болду деп...

Болбосо Отунбаева аппак эмес, ага Бакиев олкодон ташып кете албай калган байлыктын бир болугу тийип, Англиядан кымбат особняк сатып алган бир нече ондогон миллион фунт стерлинге, Лондондун кымбат аймагынан...

Анан калса "Убактылуу Окмот" жетекчиси катары Ош окуясын алдын албаганы учун жооп берчу кун да келээр али...
+3
Mederbek0811
2018-05-29 23:35:50
fantomas,ооба туура айтасын. Ош окуясына Отунбаеванын туздон туз тиешеси бар. Жооп берчу кун келсе экен. Эл тагдыры менен ойногондордун баарына.
0
jbolotov
2018-05-29 23:27:36
Гендердик саясаттынын кимге кереги бар? Керек болсо бул аял жоопко тартылатурган иштери толтура. Бийликти куч колдонуп басып алуунун автору ушул аял деген имиштер барго эл арасында, экинчиден ЖК депутаты Иманалиев озу айткан эле Отунбаева бир жылдык президентигинде 93 кен байлыка лицензия берген деп, бул ХХХХХХХХХХХХХХ.Бакиев 5 жылда 3 кен байлыка лиц. берген экен, бизде чет элдиктерге лиц беруу бул сатуу деген эле соз.
0
moskoy
2018-05-29 23:56:58
Сыймыктанабыз ,куттуктайбыз бар болунуз ,аман болунуз.
-3
Jelezo
2018-05-30 09:10:18
Кыргызды дүйнөгө таанытып жүрө бериңиз сизге ден соолук узун өмүр каалайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан