Бишкектин Түштүк магистралын бойлото үй куруу үчүн берилген жер аянты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы иш алып барууда. Аталган маалыматты баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 29-майда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Маалыматка караганда, ушул сыяктуу нааразычылык жараткан, шектүү курулуштар укук коргоо органдары тарабынан териштирилип жатат.
Эске салсак, буга чейин Түштүк магистралдын жанындагы 2 гектардан ашык жер тилкеси көп кабаттуу имарат куруу үчүн "Ихлас" компаниясына берилгени айтылган. Жогорку Кеңештин депутаттары бул иште мыйзам бузуу болгон дешсе, аталган компания бул айыптоону четке кагып келүүдө.