Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асел Куланбаева вице-мэр болууга даяр. Мындай пикирин депутат өзү бүгүн, 29-майда өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.
"Мен социалдык блок боюнча вице-мэрликти аркалоого даярмын", - деди ал.
Буга чейин ушул эле жыйындын жүрүшүндө мэр Албек Ибраимов: "Араңарда кызмат кылууга даяр болгондор бар болсо, иштешүүгө даярбыз", - деген эле.
Куланбаеванын бул билдирүүсүнө шаардык кеңештин депутаттары ачык ойлорун билдиришкен жок. Арасында "Ибраимов, балким, сизди эртең вице-мэрликке чакырып калат", - деп айткандар болду.
Андан кийин Бишкек шаардык санитардык полигондун директору Болот Асаналиевди эртеңкиге чакырып отчётун угуу сунушталды. "11 миллион евро насыяга, 11 миллион евро грант катары келген, 22 миллион евро - чоң каражат. Өзүнөн жооп алуу туура болот", - деген депутаттар добуш берүү аркылуу эртең Асаналиевди чакырмай болушту.
Шаардык кеңеш эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-майда вице-мэр Айгүл Рыскулова өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.