Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Албек Ибраимовдун учурдагы абалын “алсыз арстан” сыяктуу көрөрүн айтты. Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев мындай сүрөттөөсүн бүгүн, 29-майда өткөн жыйында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Рысбай Аматов тарабынан 2 жылдан бери Бишкек мэринин отчёт бере электиги айтылган. Ошол мезгилде мэр Албек Ибраимов кайсы убак болбосун отчёт берүүгө даяр экенин, шаардык кеңештин жыйынында мэрдин отчёту тууралуу маселе каралбаганын жеңилдик катары баалабоого чакырды.
Сөз алган депутат Канатбек Мүзүралиев 2 жыл мурун мындай маселелерди эч ким көтөрбөгөнүн, учурдагы кырдаалга жараша баары өзгөрүп жатканын кошумчалады.
“Сизди падыша катары көрөлү дейли. Баарыбызга белгилүү жырткычтардын падышасы арстан болот. Арстан карып, алсырап калган кезде учурунда сыйлап жүргөн жырткычтар, чөөлөр ага кол сала башташат. Учурдагы кырдаал да ошол сыяктуу болууда”, - деди депутат.
Мүзүралиев ошондой эле бүгүн кызматтан кеткен адамдар мэрди "согуш майданында жалгыз" калтырганын, айрым адамдар бирин-бири алдап кетерин айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-майда вице-мэр Айгүл Рыскулова өз арызынын негизинде кызматтан кеткен жана Бишкек шаардык санитардык полигонунун директору Болот Асаналиев да өз арызы менен кызматтан кеткени кабарланган.