Ашхабад аэропортунда аялдарды чет өлкөгө чыгарбоо дагы эле уланууда

Түркмөнстандын жарандары өлкөдөн чыгар кезде ар кандай тоскоолдуктарга кабылышат. Чет элдик басылмалар Ашхабаддагы эл аралык аэропортто түркмөн аялдарына учууга тыюу салынган учурлар болуп жатканын жазышкан.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун чет өлкөгө чыгууну каалаган аял Түркияга кете албай калган, себеби анда миграция кызматынын уруксат кагазы жок болуп чыгат. Түркмөнстанда чет өлкөгө учуу үчүн аталган кызматтан уруксат алуу керек экени айтылат басылманын маалыматында.

“Биздин колубузда эмгек өргүүсүнө чыккан кагаз бар болчу. Жолдошумдан миграция кызматы уруксат кагаз сураган жок, а мага уруксат кагазым болбогону үчүн учууга жол беришкен жок. Мындан улам жолго жана документтерди толтурууга кеткен акчалар текке кетти, мындай абал адамды кабатырлантып, ден соолугуна да терс таасирин тийгизет”, - деген түркмөн жараны.

Түркмөнстандын көптөгөн жарандары чет өлкөгө иштөө үчүн чыгышат. Түркия алар үчүн эң көп барган өлкө, анткени аталган өлкө менен визасыз келишим түзүлгөн. Ага карабай Түркияга барууга аракет кылган жарандар көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болушат.

Жыл башынан бери Ашхабад аэропортунда өлкө жарандарына эл аралык учууга тыюу салган ондогон окуя катталган. Көпчүлүк учурларда миграция кызматы жүргүнчүлөрдү эч кандай түшүндүрмөсүз учуудан калтырып коюшкан.

Мындай тоскоолдукка туш болгон жарандар өлкөдөгү азыркы абал менен 5 баланы багуу кыйын экенин айтып, чет өлкөгө үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн каражат табуу максатында чыгышарын кошумчалашкан.

"Мен аэропортко Түркияда иштөө үчүн кетүүгө келдим. Мени менен айылдаштарым дагы бирге келди. Биз чогуу учмакчы болгонбуз. Миграция кызматы биздин бир айылдан келгенибизди билген соң баарыбыздын документтерибизди жыйнап алды. Алар бизди иш бөлмөсүнө бирден чакырып алып “Эмне үчүн чет өлкөгө чыгасыз, иштеп келүү үчүн баратканыңыз чынбы? Күйөөңүз кайда? Канча балаңыз бар? Сиз чындыкты айтсаңыз, биз сизге уруксат беребиз" деген бир катар суроолорду беришти. Мен аларга ден соолугума байланыштуу жеке врачым жашаган жериңди которууң керек деп кеңеш бергенин айттым. Айылдашым болсо иштөө үчүн баратканын айтты эле, ага уруксат берилген жок. Ыйлап кала берди”, - деп айткан атын атабаган түркмөн аял.

Түркмөнстандын жарандарына Түркияга кетүүсүнө жол бербөө окуясы буга чейин дагы болуп келген. Түркмөнстандын коопсуздук органдары чет өлкөгө чыккан жарандарды өлкөгө кайтуусун талап кылып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
karakulja
2018-05-30 20:51:00
Эн туура чечим. Бизге да керек, турмушка чыкпаган 28 жашка чейин тыю салса
+19
yrmat88
2018-05-30 21:25:07
Эркектер чыкса болот, аялдар чыкса болбойт. Муну кандай тушунсо болот. Анда маалга окшоп жапайы кылып аялдарын сарайга камап салышсын. Эртен таптакыр кочого эркин чыкпагыла деп чыгышат да арабтардын аялдарына окшоп. Эркетердин кандай укугу болсо аялдардын да ошондой укугу бар
-17
Tokmokchu-1
2018-05-31 00:44:35
yrmat88, Батыштын создорун суйлобой эле койчу... Каяктагы демократия, гендердик саясат, тен укуктуулук деген кооз создордон ар намыс жогору турат...

Ансыз да женил ойлуу кыргыз кыз-келиндери Кыргыз элинин жузун жер каратып отурат уят кылып...

Мен бардык кыз-келиндерди куноолодон алысмын. Бирок зынаа жолунда жургон, башка улуттун эркектери менен жургон кыз-келиндердин саны кун санап осуп жатканы да талашсыз чындык...
+7
Matahara1980
2018-05-30 23:20:43
Тим эле кыргыздарга жага бербей калбадыбы бизгеда керек деп, чыкса иштегенге чыгатта кыздар аялдар, семьясын бакканы, же Кыргызстанда кыйраткан зарплата, иш орду барбы. Карап отурсан жанылыкты толтура адам жардам сурап жургондор
+1
Tokmokchu-1
2018-05-31 00:22:17
Matahara1980, туркмон аялдар эмес, туркмон эркектерди кезиктируу кыйын чет олкодо, иштеп жургон. Эгер туркмон кезиктирсенер, Озбекистандык туркмондор болуп чыгат, Туркмонстандык эмес...

Бали туркмондор, буларда ар-наиыс жогору экен...

Бизде болсо кор турмушту шылтоолоп Россия, Туркияга барып бузулуп кетип жаткан кыз-келиндер канча...
+1
Matahara1980
2018-05-31 04:52:09
Tokmokchu-1,анда талалатпай баккыла кыз келиндеринерди, анчалык эле ар намыстуу болсонор
0
Tokmokchu-1
2018-05-31 00:25:47
Ата-энеси той кылып турмушка узатып койсо, болбогон шылтоо менен ажырашып келип алып, анан уйго да батпай, Россияга кетип, ар кайсы эркек менен жатып жургон келиндер канча?!!

Бир нерсе болсо турмушту шылтоо кыласынар. Бардар болбосо да эл катары жашаган уй-булонун турмушка чыга элек же ажырашып келген кыздары Россияга кетип жатат. Уйундогулорун алдап, кондуруп Россияга барышы барып алып, билгениндей болуп журуудо...

Туркмондор туура кылат. Азаматтар...
+3
Diyana
2018-05-31 01:04:48
Менда колдойм, эн туура чечим. Чет элге талаалабай эле айылда дыйканчылык кылвп, мпл багып эле уй салып келишкен биздин ата апларыбыз. Эмиле замана шылтоолоп же эл эмне дейт, тигиникине караганда крышасын болсо да бийигирээк жаба калайын деп, балдарыбыздын козун торт кылып талаалап журобуз. Эхх, айта берсен соз коп. Омурубуздун жарымын откоруп салган уйлорубуз, олгондон кийин кыпындай да пайда бербесин билсек да напсибибизди тыя албай болгон сайын болсун деп журобуз талаалап ...
+3
AKCAHAT
2018-05-31 14:42:31
Туркмондун кыздары Ошто канчасы журот гилтейген кары турктор мн. Болбосо ошолор да окуйм деп келген. Турцияда, Дубай Катарларда журушот эми чыгарбай калышыптыр да. Озбек таджик туркмон казак бузулган кыздар толтура Москвада Турцияда просто алардын эркектери озулору рекламалап ар кайсы сайттарда мактанбайт биздин жигиттерге окшоп
"биздин кыздар бузуку" деп. Озбек таджик кыздар кылган кылыктарды корсон кускун келет кыргыздарда анчалык запущенный кыздар жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан