КҮНСЕРЕП: Кулматов, Исаков... Кылмыш ишин козгоо кезеги Ибраимовго келдиби?

Бүгүн, 30-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент Башкы прокуратуранын 2017-жылкы иши боюнча отчётун укту. Былтыр Башкы прокуратураны жетектеген Индира Жолдубаеванын ордуна мындан 1 ай мурун башкы прокурорлукка дайындалган Өткүрбек Жамшитов жооп берди.

Жолдубаева быйыл 11-апрелде президенттин сунушу, Жогорку Кеӊештин колдоосу менен иштен алынган. Өлкө жетекчиси Жолдубаеваны кетирүү чечимин "өлкөдө коррупциялык кылмыштар өсүп жатат, Жолдубаева үмүттү актабады" деп түшүндүрдү. Өткүрбек Жамшитов кызматка жакында келгенине шылтап, көп суроолорго так жоопторду айткан жок. "Маалыматым жок эле", "тактап көрөлү", "эсимде болот" деген жооптор менен депутаттарды түшкө чейин сооротту. Кызматка шайланып жатканда да ушундай эле жоопторду айткан, андыктан андан тез, кескин реформаларды күтүп кереги жоктой. Жамшитов өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун 523 өкүлү каттоодо турарын, алардын 424ү Камчы Көлбаевдин, 50сү Алмаз Бокушевдин, 49у Азиз Батукаевдин "балдары" экенин айтты. Ал эми Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топтун башчысы деген башкы прокурор "анда эмне үчүн Көлбаев ээн-эркин жүрөт?" деген суроого ылайыктуу жооп таба албай шаштысы кетти. Депутаттар ага 2013-жылкы мыйзамга ылайык өлкөдө 1 гана адам уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү деп саналарын эскертишти. 2013-жылы күчүнө кирген мыйзам боюнча, соттун чечими жок эч бирөөнү уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү деп атоого болбойт. Бирок ИИМ күн сайын "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды" деп маалымат таратып келет.

Жамшитов бир факты боюнча так жооп узатты. Буга чейин Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишиндеги күмөндүү жагдайлар боюнча укук коргоо органдарына, анын ичинде Башкы прокуратурага маалымат жибергенин айткан эле. Ушул үчүн депутаттык комиссия аны ЖЭБди жаӊылоо ишинде жоопкерчилиги каралсын деген чиновниктердин катарына киргизген эмес. Жамшитов бүгүн Башкы прокуратурага Эсептөө палатасынан мындай маалымат барбаганын айтты. Кимиси жалган айтып жатканын тактоо зарылдыгы жаралды.

Коррупцияга каршы күрөштүн башында туруучу Жамшитов да, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Абдыкадыр Разаев да үстүнөн кылмыш иши ачылган депутат Аскарбек Шадиев кайда экенин айта албай коюшту. Кызыгы, 1 ай мурун иш козголгон Шадиев бир да жолу суракка чакырыла электиги. Буга чейин Шадиевдин жардамчысы анын өлкөдөн чыгып кеткенин айтса, УКМК чек ара кызматынын маалыматы боюнча өлкөдөн чыкпаганын билдирген. Депутат Жанар Акаев миӊ доллар пара менен кармалган ЖОЖ мугалимин укук коргоо органдары мактанып бүтпөй койгонун, ал эми Тарых музейин жаӊылоо, энергетика тармагындагы коррупциялык иштер боюнча чечкиндүү кадамдарды жасабай жатканын сындады. Башкы прокурордун 2017-жылкы отчётунда эӊ коррупциялашкан органдар деп ИИМ, Транспорт министрлиги, Архитектура жана курулуш агенттиги көрсөтүлгөн. Депутат Мурадыл Мадеминов эмне үчүн тизмеде Бажы кызматы жок экенине кызыкты. Ал Бажы кызматында миллиондор уурдалып жатканын, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүн тинтүүнү сунуштады.

Ал эми депутат Зарылбек Рысалиев кримавторитет Азиз Батукаевдин окуясын көтөрдү. Батукаевди аэропорттон ким кызыл килем төшөп тосуп алганын, учак кимге караштуу экенин тактоо керектигин айткан Рысалиев Батукаевди Нарындан Бишкекке чейин ким коштоп келгенин айтпай өтүп кетти. 2013-жылы Батукаевди Рысалиев жетектеп турган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кортежи Нарындан "Манас" аэропортуна чейин коштоп келгени белгилүү. Анда Рысалиев Батукаев түрмөдөн ден соолугуна байланыштуу мыйзамдуу түрдө чыкканын айтып, аны бирөө өлтүрүп кетпесин деп ЖАМК кызматкерлери аэропортко чейин кайтарып келгенин моюнга алган эле.

Парламент Жолдубаеванын 2017-жылкы ишин "канааттандырарлык эмес" деп таап, Жамшитовдун отчётун эске алышты. Жаӊы башкы прокурордун ишине Жогорку Кеӊеш эмдиги жылы баа берет. Айтылган убадалар канчалык ишке ашканы, президенттин коррупцияга каршы күрөшү кандай жүргөнү, өткөндөн сабак алынганы же алынбаганы ошондо көрүнөт. Бүгүнкүдөй чала жан жооптор кийинкиде Жамшитовду сактап калышы кыйын...

Бишкектин мэри Албек Ибраимов кылмыш ишинин фигуранты деп табылды. УКМКнын билдиришинче, сөз мамлекеттик "Дастан" ишканасын Ибраимов жетектеп тургандагы сатып алуулар боюнча болууда. 2012-жылы "Дастандын" жетекчиси Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" компаниясынын жетекчиси Асылгүл Сасыбаева 533 760 долларга 80 даана атайын жабдуу сатып алуу жана жеткирүү боюнча келишим түзгөнү, "Дастан Инжиниринг" ал буюмдардын Украинадан 14 400 долларга сатып алып, аны алып келүүгө 49 миӊ доллар жумшаганы айтылды. Жалпы сумма 63 400 долларды гана түзүп, мамлекет 470 360 доллар зыян тарткан. Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси менен кылмыш ишин ачты. "Дастан Инжиниринг" ишканасынын жетекчиси Сасыбаева "Дастан" ишканасынын мурдагы кызматкери болгон. Бүгүн Бишкек шаарынын Айтматов-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 гектар жердин "Ихлас" компаниясына курулуш үчүн берилип кетиши боюнча УКМК кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары 1 даанасы 9 миӊ сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча мэрдин жоопкерчилигин кароону эскерте башташты. Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков, кезек Албек Ибраимовго жетти. Кечээ шаардык кеӊештин депутаттары Албек Ибраимовду карып, токойдо эч кимге сөзү өтпөй калган арстанга салыштырып, анын башынан оомат оогонун ачык эле айтышты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан