Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы: "Интернетке бажы кызматынын башчысынын байлыктары деп тарап жаткан сүрөттөрдүн Айбашевге тиешеси жок"

Өлкөдө интернет колдонуучулар "Бажы кызматынын башчысынын үйүнөн табылган байлыктар" деген билдирүү менен бир нече сүрөттөрдү жарыялап, талкуулап жатышат. Сүрөттөгү таңгакталган акчалар менен кымбат баалуу буюмдар "Түндүк" темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысына таандык деп тарап жаткан кепти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы четке какты.

Аталган кызматтын бүгүн, 30-майда SUPER.KG'ге билдирген маалыматына ылайык, андагы сүрөттөрдүн "Түндүк" темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин ишине байланышы жок.

"Бул биздин кызматкерлер тарабынан тартылган сүрөттөр эмес, сүрөттөрдүн кайсы жакта тартылганы тууралуу бизде маалымат жок. Андыктан тарап жаткан сүрөттөрдүн Айбашевдин ишине байланышы жок экенин билдиребиз", - деди маалымат катчы.

Ал эми интернетте талкуу жараткан сүрөттөрдүн алдына айрым колдонуучулар бул орусиялык аткаминерлердин биринин үйүн тинтүү учурунда тартылган кадрлар экенин билдиришип, басылма жарыялаган маалыматтын шилтемесин калтырган. Анда сүрөттөр Орусиянын "Ростехнадзор" кызматынын Петербург аймагы боюнча башчысынын үйүнөн тартылганы жазылган.

Айта кетсек 25-майда "Түндүк" темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, бир катар баалуу буюмдар, алтын кол сааттар жана бир катар келишим документтери табылганы аныкталган. Нурбек Айбашевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук соту тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камоо тууралуу чечим чыгарган. Анын баш коргоо чарасы 27-майда каралган. Айбашевдин үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурундагы видеону бул шилтемеден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patriot...kg
2018-05-30 13:34:07
Уай ёлки эй Кыргызстандын тышкы карызын жаба турган байлыгы бар экен го, кустургула,
+9
moskoy
2018-05-30 14:03:23
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат .Бир байкуш жалчыга же студентке кататкан чыгар.Карга карганын козун чукубайттан болуп актай бергиле.
+6
Aitik
2018-05-30 14:43:26
Анча байлыкты эмне кылат..
Уурдап үйүнө басып жатып.. жүрөгү сыгылып кыйналбайбы?
+1
Aidar151080
2018-05-30 14:48:22
Окшош сүрөттү чыгара койдуңар анан. Элди ишендириш үчүн, жаап-жашырып.
+1
Nevestkaa
2018-05-30 22:21:04
Айбуу ушунча акча мн кантип тынч уктап атат,акыркы сүрөттөрдөгү машинка мн эле чыгарабы булар.Тиги саатынын бир даанасы эле палан евродур.Биз неге өнүкпөйбүз мынага окшогон тойбостордун айынан өнүкпөйт турбайбызбы.Булардын көзүнө кабырдын топурагы толгондо тоет экен да.
0
Arlenchik
2018-05-31 03:08:52
Ал суроттогу байлыктар ага тиешеси жок деп коюп оздору кымырып алган жататда)мына ушунчале болчу деп, ишениш кыйын аларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан