Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңеш баш прокурордун 2017-жылга карата отчётун укту. Жыйындын жүрүшүндө депутат Мурадыл Мадеминов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүн текшерүүнү сунуштады.
"Сиз ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги эң коррупциялашкан органдар деп жатасыз. Эмнеге бажыны айтпайсыз? Ондогон миллиарддар уурдалат ал жерде. Азыр да уурдалууда. Жаңы келген Кулматов "жылдын аягында мен бюджетке 50 миллиард берем" деген. Эмнеге силер ушул системге чекит койбойсуңар? Борбордук бажы кызматынын өкүлүнүн үйүн көрүп жатасыңар. Жок дегенде 5 миллион долларга курулган. Силер Райым Матраимов дегендин үйүн көргүлө. Ага чейинки директордун үйүн көргүлө. Ар бир бажычынын үйүн текшерип көргүлөчү. Өздөрүнө катталган эмес. Бирок жашап жаткан үйлөр ошолордуку да. Эмне үчүн ушундай? Бажыдагы коррупцияга чекит коюп, камай тургандарды камаганга эркиңиз жетеби?" - деди Мадеминов.
Жамшитов: "Текшерүү иштерин жүргүзгөнгө дагы, кылмыш иштерин козгогонго дагы эркибиз жетет", - деп жооп берди.
Айта кетсек, 2017-жылдын 23-ноябрында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жарлыгы менен Райымбек Матраимов анын иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн кызматтан алынган.