Экологиялык жана техникалык инспекциянын башчысы алмашты

Бүгүн, 30-майда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков кызматтан алынып, ордуна Жолдошбек Жунушев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жолдошбек Жунушевди Мамэкотехинспекциянын жамаатына жаңы директор катары тааныштырып, жетекчилик мыкты тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

"Жаңы жетекчилик менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы мекеме алдына коюлган маанилүү милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну улантарына ишеним билдирем", - деген вице-премьер.

Жолдошбек Жунушев буга чейин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасын башкарган.

Эмгек жолун Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мамлекеттик салык испекциясынын инспектору болуудан баштаган. Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп да шайланган.

Ал эми Канатбек Муратбеков Экотехинспекцияны 2015-жылдын декабрынан бери жетектеп келген. Темир Сариевдин өкмөт башчылыктан кетиши менен инспекциянын директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп турган. Өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековдун келиши менен Муратбеков аталган кызматка 2016-жылдын 27-апрелинде кайрадан дайындалган. Ал инспекцияны жетектегенге чейин Нарын облусунун башчысы кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан