Бишкекте интим кызматын уюштурган эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-май күнү Октябрь РИИБине мейманкана делген менчик үйдө интим кызматын уюштуруп келгендер боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке барган ыкчам тергөө тобу 43 жаштагы К.Е. жана 37 жаштагы Д.О. аттуу аялдарды кармашкан. Милиция кызматкерлери үйдүн ичин тинтүүгө алышканда бойго бүтүрбөөчү каражаттар, акча жана жазуулары бар дептер табылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери аталган үйдөн интим кызматын көрсөтүп иштеген 2 кызды кармашкан.
"Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен иш козголуп, баш коргоо чаралары катары башка жакка чыкпоо боюнча тил кат жаздырып алынган", - деди маалымат катчы.