Казакстан Кыргыз жарандарын аэропортто кошумча текшерип жатканынын себебин түшүндүрдү

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы аэропортто Кыргыз жарандарын кошумча текшерүү боюнча түшүндүрмө нотасын жиберди. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберген. Анда Кыргыз жарандарынын аэропортто тийиштүү органдары тарабынан өзүнчө бөлмөдө себепсиз суралып, паспорттогу маалыматтарын жана уюлдук телефондорундагы IMEI коддорун көчүрүп калып жатышканынын себебин түшүндүрүү талабы коюлган.

Казакстан жиберген нотада өткөрүү пункттарындагы күчөтүлгөн тартипте текшерүү коопсуздук чараларды күчөтүү максатында экени айтылат. Анда белгиленгендей, акыркы жылдары чет өлкөлөрдө террордук актылардын көбөйүшүнөн улам террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо керек болгон. Текшерүү бардык чет өлкөлүк жарандарга жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Djumahmatov
2018-05-30 15:35:22
Ушу казактар ар эки кундо эле сыр корсотуп, жанды кашайтып бутмой болушту!Казак жарандарына бизде дагы кысым болуп жатат бекен?
+3
nemo2016
2018-05-30 15:37:44
Djumahmatov,Баарлык олколордо каттуу текшерет оз элинин коопсуздугу учун бизде эле эшек жайлоо
+14
salimbek87.kg
2018-05-30 15:50:56
Террордук актылар деп кыргызстандын атын булгагандар 90% ти өзбек туугандар болуп жатат менимче ошол үчүн улуттун кошуп жазыш керек кайдагы бир немени ойлоп тапты.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан