Депутат балдардын өлүмү боюнча кайсы облус алдыда экенин айтты

Республикада балдардын өлүмү боюнча Баткен облусу биринчи орунда. Мындай маалыматты депутат Карамат Орозова бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн "балдардын өлүмү боюнча кайсы облус алдыда?" деген суроосуна саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жооп бере алган жок. Ал кат түрүндө маалымат берерин айтты.

Депутаттын маалыматына караганда, аталган облуста кургак учуктан көз жумган балдар көп. "Баткенде рентген аппараты жок. 1999-жылы Баткен "облус" статусун алганы менен облустук оорукана курулган эмес. Мурдагы эски оорукананы "облустук" деп өзгөртүп коюшкан. Эч кандай өзгөрүү жок. Бейтапкана болсо 19 жылда курулуп бүттү. Былтыр курулуш аяктаганы менен дагы деле иштебей турат", - деди Орозова.

Министр Чолпонбаев рентген аппаратын сатып алууга каражат бар экенин айтты. "Бизде үнөмдөлгөн каражат бар. Ошонун эсебинен рентген алганга аракет кылалы. Ал эми ооруканалар боюнча маалыматтарды чогултуп жатам", - деди министр.

Учурда парламентте саламаттыкты сактоо багытына берилип жаткан гранттык макулдашууну ратификациялоо маселеси биринчи окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан